2026-жылдын тогуз айында Жалал-Абад облусундагы туристтик жайларга 387 миң 869 турист келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга көп.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул маалымат облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык жыйында айтылды.



