Кыргызстан 2026-жылдын январь-октябрь айларында Өзбекстандын жарандары эң көп барган өлкө болду. Бул мезгилде Кыргызстанга коңшу өлкөнүн 2 млн 983 миң 680 жараны келген.
Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети маалымдады.
Өзбекстанга чет өлкөлөрдөн 10 айда 11,6 млн жаран барган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,4%га көп.
Өзбекстанга эң көп барган чет элдиктердин арасында кыргызстандыктар биринчи орунда. Алардын саны 3 млн 180 миңден ашкан.



