2023-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 184 жаран чет мамлекеттерде кармалды.
ИИМдин маалыматына ылайык, алардын 132си экстрадициялоо жана депортациялоо жолу менен Кыргызстанга кайтарылды.
Ал эми Кыргызстандын аймагында чет мамлекеттердин демилгеси менен издөөдө жүргөн 96 чет өлкөлүк жаран кармалып, алардын 42си тиешелүү өлкөлөргө өткөрүлүп берилди.
ИИМ уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жана оор кылмыштарга шектелген адамдарды издөө иштерине өзгөчө көңүл бурууда.



