Россияга барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде эмгек мигранттары, өлкөгө киргенден кийин 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
Бул тууралуу Миграция министрлигинин өкүлү Эркин Каримов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып Россияда чет өлкөлүк жарандарды медициналык кароодон өткөрүү талаптары өзгөртүлүп, күчөтүлгөн.



