«Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринде кар көчкү коопсуздугун камсыздоочу станциянын ишин уюштуруу жана өркүндөтүү иштери жүрүүдө.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, адистер станция кызматкерлерин ишке даярдоо чараларын көрүп жатышат.
Станциянын негизги милдети аймактагы кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө жана анын алдын алуу. Даярдык иштери тоо кластеринин 1-декабрдагы ачылышына карата жүргүзүлүүдө.



