Каракол шаарындагы Жеңиш паркын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштери толугу менен аяктады.
Бул тууралуу шаар мэри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасына билдирди.
Анын маалыматына караганда, парктын кире бериштери оңдолуп, кошумча жолдор уюштурулду. Ошондой эле аймак жашылдандырылып, шахмат, балдар ойноочу, кичи футбол жана бейсбол аянтчалары курулду.



