«Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексинин негизги объектилери электр энергиясына кошулду.
Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиргендей, төрт канат жол станциясына, метеорологиялык жана кар көчкү станцияларына, ошондой эле лыжа жабдууларын ижарага берүү пунктуна электр берилди.
Комплексти камсыздоо үчүн 10 трансформатордук көмөк чордон орнотуу каралган. Учурда анын тогузу орнотулуп, акыркысын 25-ноябрга чейин бүтүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, боз үй шаарчасы, жыгач үйлөр, лыжа трассалары жана фуд-кортту электр тармагына кошуу иштери уланууда.



