Өлкөдө 424 муниципалдык ишкана болсо, аларга 6 миң 45 атайын техника карайт. Бирок айрым ишканалар субсидияга көз каранды болуп, ишинде маселе жаралууда.
Бул тууралуу президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев республикалык кеңешмеде билдирди.
Анын айтымында, Баткен автобазасына бөлүнгөн 16 миллион сомдун 13 миллиону субсидия. Ишкананын 27 унаасынын ону жараксыз. Ошондой эле “Баткен таза суу” ишканасында төлөмдөрдү көзөмөл кылган кызматкер акчаны жеке эсебине которгон факты аныкталган.
Ал эми Кара-Кулжада «Тазалык — таза суу» муниципалдык ишкана бөлүнгөндөн кийин субсидия 6 млн сомдон 12 млн сомго көбөйгөнү менен, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жакшырган эмес.



