23-ноябрда бир күндө 3,3 млрд сом салык чогултулду.
Бул тууралуу Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов “Ачык кабинет: Жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында билдирди. Анын айтымында, салыктык түшүүлөр күн сайын саат 18:00дө “Ачык бюджет” системасы аркылуу көзөмөлдөнүп, жетекчиликке маалымат берилет.
«Күнүмдүк салыктык түшүүлөрдүн көлөмү бир топ айырмаланышы мүмкүн. Мисалы, бир күндө 3 млрд 300 млн сом чогултсак, мындан үч күн мурда түшүүлөр 7 млрд 700 млн сомду түзгөн. Мурда күнүмдүк түшүүлөр орточо 800 млн сомдун тегерегинде болчу», — деди Шыкмаматов.



