Талас шаарында жарандарга карата зомбулук көрсөтүү фактылары боюнча тогуз жаран кармалды. Алардын арасында ички иштер органдарынын бир кызматкери бар.
ИИМдин маалыматына ылайык, 20-ноябрда түнкү саат 00:00 чамасында Б. Баатыр жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде А.Ш. аттуу жаранга ар кандай буюмдар менен кол салынып, сабалган. Андан соң шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөн.
Бул факт боюнча кылмыш иши адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси менен кайра квалификацияланган. Окуяга тиешеси бар төрт автоунаа айып короого киргизилди.
Мындан тышкары, өзүнчө кылмыш ишинин алкагында дагы эки жаран кармалган. Алар 17-ноябрда Таластагы соода борборлорунун биринин жанында С.Н. аттуу жаранды сабап, шаар четиндеги ипподромго алып барып, ур-токмокко алууну улантышканы аныкталган.
Бул тогуз шектүүгө карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө иши уланууда.



