26-ноябрда Чалдыбар – Кайыңды темир жол тилкесиндеги өтмөктө унаа кыймылы убактылуу токтотулат.
“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиргендей, чектөө темир жолду оңдоо иштерине байланыштуу саат 08:00дөн 18:00гө чейин киргизилет.
Айдоочуларга 3703-чакырымдагы Кайыңды шаарынын Эмгек көчөсү жана 3691-чакырымдагы Чалдовар айылынын Биринчи май көчөсү аркылуу өтүү сунушталат.



