Кыргызстан шайлоодо колдонулуп жаткан заманбап технологиялар боюнча тажрыйбасын Түркияда өтүп жаткан эл аралык форумда тааныштырат.
БШК дан билдиргендей, төрага Тынчтык Шайназаров 23-26-ноябрда Анталия шаарында өтүп жаткан форумда “Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, айкындуулук жана ишеним” деген темада баяндама жасайт.
Иш-чарага 20дан ашык өлкөнүн шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышып, шайлоону уюштуруу, өткөрүү жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашууда.



