Кыргызстан менен Россия таланттуу балдарды колдоо максатында “Кыргызстан – Сириус” биргелешкен долбоорун ишке ашырууну талкуулады.
Бул маселе Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен “Сириус” федералдык аймагынын кеңешинин төрайымы Елена Шмелева менен жолугушууда каралды.
Тараптар мектеп окуучулары жана мугалимдер үчүн атайын билим берүү программаларын ишке киргизүү, Бишкекте таланттар саммитин өткөрүү маселелерин жана долбоорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен жумушчу топ түзүү сунушун талкуулашты.



