Быйыл 10 айда өлкөдөгү суу объектилеринен 181 миң метрден ашык балык уулоочу тор жана 3 913 килограмм таштанды чыгарылды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен Ысык-Көл облусунун суу объектилеринен 116 миң 200 метр тор жана 2 627 килограмм таштанды чогултулган.
Алынган торлор жана таштандылар Бишкектеги таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, жок кылынды.
Суу объектилеринде калып кеткен эски синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына олуттуу коркунуч жаратат.




