Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин орточо айлыгы 1 миң доллардан кем эмес.
Бул тууралуу ведомствонун төрагасы Улан Кимсанов “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунда билдирди.
Анын айтымында, учурда бажы кызматындагы эмгек акынын деңгээли кыйла жогору. Бирок ведомство укук коргоо органы макамына ээ болгондуктан, кызматтык маяналардын так өлчөмү жана төлөмдөрдүн толук тизмеси ачык жарыяланбайт.
«Бажы органынын ар бир кызматкери 2025-жылы мамлекеттик бюджетке 1,5 млн доллардан ашык каражаттын түшүшүн камсыздаган. Бул биздин статистикалык маалыматтарга ылайык, жок дегенде Евразия мейкиндигинде өтө жогорку көрсөткүч. Кызматкерлердин орточо айлыгы 1 миң доллардан кем эмес», — деди Кимсанов.



