7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Катардын Эмири менен сүйлөшүп, ыраазычылык билдирди

1290

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары кыргыз-катар эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана аны бардык чөйрөдө өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

«Жогорку деңгээлдеги өз ара иш сапарларын уюштуруу, Экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле тараптар эл аралык жана регионалдык айдыңдагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты», — деп жазылат маалыматта.

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекетинин Эмирине кыргыз элине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмирди жана Катар элин алдыдагы Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1291