Улуттук госпиталдын дарыгери Шайыргүл Латипова кыргыз-тажик чек арасында ок тийип жарадар болгон эки жаран тууралуу Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, ооруканада ойгонгон жаран апасынан жанында чогуу жарадар болгон досун сураган. Бирок ал досу алган жараатынан улам көз жумган.
«»Головнойдон кабар келгенде, айылдан көп эле балдар бардык. Жанымдагы дайым бирге жүргөн досум мага күч, кайрат берип турду. Коңшулар автоматтар менен аткылап башташканда дагы, биз Головнойду бербейбиз деп катуу турдук. Дээрлик келгендердин баары эле жаракат алышты окшойт. Досум экөөбүзгө дагы ок тийди. Бири-бирибизди жыгылып калбайлы деп сүйөп жаттык. Ошентип 8 сааттан көпкө созулган тирешүүдө, мен 6-саатта өзүмдү жоготупмун, Баткенде ооруканадан гана өзүмө келиптирмин», — деп айтып жатып, апасынан «Досум Бишкекке келгенби? Ал кайсы ооруканада? Же Баткенде калдыбы?», — деп сурап коёт. Бирок апасынын баласынын бул суроосуна жообу жок. Байкуш досунун шейит кеткенин уга элек экен», — дейт ал.