4-май саат 09.30га карата кыргыз-тажик мамлекетик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.
Өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар катталган жок.
Баткен районунун Актатыр айыл башкармалыгынын Орто-Боз жергесинде 3-майдан баштап Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда.
Ошол себептүү кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесине канатташ жашаган Баткен облусунун тургундарынан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөңүздөр деп өтүнөбүз.
Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө.
КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүктөрү жана бирикмелери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда.
Лейлекте талкаланган үйдөн жарылбай калган артиллериялык мина табылды