7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Урмат Усенов: Тажик баскынчылар кыйраткан кыштактарды оңдоого шашылбаш керек

639
Биз тажик баскынчылары тарабынан кыйраган кыштактарды калыбына келтирүүгө шашылбашыбыз керек. Ураган үйлөр дүйнө коомчулугунун алдында, тажиктердин күнөөсүнүн бирден бир далили.  Мындай пикирин маданияттын мыкты кызматкери, ырчы Урмат Үсенов билдирди.
» Ооба,мамлекеттин,биздин мекенчил,айкөл,кайрымдуу жарандарыбыздын, жардамы менен материалдык чыгымдарды тез эле калыбына келтирээрибиз талашсыз. Бирок моралдык жаратты айыктыруу жана анын кайталанбашы үчүн кам көрүү манилүү эмеспи…
Менимче кыйраган кыштактар дүйнө коомчулугунун алдында тажиктердин күнөөсүнүн бирден-бир далили катары кызмат кылышы керек. Ал жердеги гильзалардан тарта,ок-дарылардын бош калган кутулары,өрт коюу үчүн атайын камдалып күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөр,талап-тоноонун издери, тепсендиде калган оюнчуктар, өрттөлгөн мектеп, баскынчылардын адепсиз аудио-видеолорун жооп иретиндеги снаряд катары колдонушубуз керек. Эгерде азыр аталган аракеттер көрүлбөй,жаратты жабуу менен алектенсек, эртең бул окуя кайталанбайт деп ким кепилдик бере алат?«, -деп суроо салат.
Ал бул жагдайга Азербайжан-Армения ортосунда болгон согушту мисал кылат.
«Армения тарабынан Азербайжандын Ганжа шаарына бомба ташталып, уйкуда жаткан куралсыз жарандар (наристелер да бар) каза тапкан. Окуя былтыр күз айларында болсо да, бүгүнкү күнгө чейин кыйраган жерлер эч кандай өзгөрүүсүз курчалып, байма-бай дүйнө ММК өкүлдөрү, эл аралык, тынчтык уюмдары жана жалпы дүйнө коомчулугу үчүн атайын иш чаралар уюштурулуп, Армениянын аесуз, адамгерчиликсиз, мыкаачылык мамилесин дүйнөгө таанытып, алардын күнөөсүн мойнуна артуу боюнча максаттуу аракеттер көрүлүп келет. Азыр биринчи иретте тажиктердин баскынчылыгы астында калып, үй-жайсыз калган мекендештер үчүн атайын лагер уюштурулушу кажет», -деди.
Эске салсак ал ушул күндөрү, Баткендин тажиктер тарабынан талкаланган айылдарды кыдырып, маданият тармагынын өкүлдөрү менен бирге гуманитардык жардам таратып жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

640