Казакстандын Орол шаарында аттракцион күтүүсүздөн токтоп калып андагы 5-10 жаштагы сегиз бала жерге кулап түшүп, жаракат алышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, балдар учурда амбулатордук дарыланууда.
«Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы жаракат алган балдар ооруканага жетирилгенин билдирди. Медициналык текшерүүдөн кийин алардын эч кимисинин мээси чайкалбаганы, сыныктары жок экени аныкталып, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Кырсык катталган шаардык парктагы жеке менчик аянтчанын өкүлү азырынча аттракциондун эмне себептен чукул токтоп калганы белгисиз экенин кабарлады. Анын айтымында, жакында эле андагы бардык аттракциондор текшерүүдөн өткөрүлүп, эч кандай мүчүлүштүктөр аныкталган эмес. Орол шаардык полиция департаменти бул факты боюнча «Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызматтарды көрсөтүү» беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштери баштады», — деп берилет маалыматта.