7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Банк кызматкерлерин 10-май кесиптик майрамдары менен куттуктады

651

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу банк секторунун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Банк сектору приоритеттүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн банктык кызматтарды көрсөтүү, финансылык ресурстарды үлөштүрүү аркылуу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт.

Кыргызстандын банк системасы коронавирус пандемиясы менен байланышкан глобалдык экономикалык туруксуздукка карабастан стабилдүү иштеди. Банк секторунун туруктуу көрсөткүчтөрү айтылгандарга далил.

Финансылык стабилдүүлүк жана банк системасынын коопсуздугу банк кызматкерлеринин өз ишине берилип иштегендиги менен жетишилген.

Сиздердин алдыңыздарда жаңы милдеттер турат. Дүйнөдө финансылык технологиялардын динамикалык өнүгүшүн эске алуу менен банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнү, инновациялык банк операцияларын жана санариптик төлөм технологияларын киргизүүнү тездетүү керек.

Экономикалык активдүүлүктү тез арада калыбына келтирүү максатында жеңилдетилген каржылоо, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу экономиканын реалдуу секторун колдоо боюнча ишти активдештирүү зарыл.

Сиздердин тажрыйбаңыздар жана билимиңиздер өлкөнүн банк системасынын мындан ары өнүгүшүнө жардам берет деп ишенем.

Сиздерге ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ишиңиздерде ийгилик каалайм!», — деп жазылат куттуктоо сөзүндө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

652