7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

COVID-19. Бир суткада 254 адамдан вирус аныкталып, 5 бейтап каза болду

441

Кыргызстанда 10-майга карата коронавирус дагы 254 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 195, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 25, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 9 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 257 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 187, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 42, Ош облусунда – 3, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда — 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 683 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 469 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 149 бейтаптын абалы орто оордукта, 434 адамдын абалы оор жана 91 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 495 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 429 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 98 миң 654 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 91 миң 816 киши айыгып чыкса, 1 миң 660 адам каза болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

442