Ооганстандан өз аскерлерин чыгара баштаган АКШ жетекчилиги аскердик техникаларын жайгаштырууга өлкө издеп жатат. Бул өлкө Борбор Азиядан Афганстанга чектеш Өзбекстан же Тажикстан болушу мүмкүн.
Бул тууралуу Россиянын Lenta.ru басылмасы «The Wall Street Journal» журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
«Бул Афганистан өкмөтүн колдоо жана Талибандын ишмердүүлүгүн ооздуктоо үчүн керек. Америкалык аскерлердин Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгашуусу, Россиянын Кытайдын таасирин көзөмөлдөөсүнө терс таасирин берет. Америка штатынын жетекчилиги аскер базаларды Борбор Азияга киргизүү боюнча расмий жооп бере элек. Азырынча АКШнын Коргоо министрлиги оң жана терс жактарын таразалап жатат. Чечимди кабыл алууга Мамлекеттик департамент менен Ак үй дагы катышаары айтылууда«-, деп жазылган.
Эске салсак, мурдараак Европа кеңеши Ооганстанда башка күчтөрдүн да басымы байкалбаш үчүн АКШдан аскерлерин чыгарып кетүүнү создуктура турууну суранган.
Алсак, Түркия Вашингтондон кийин өз аскерлерин чыгарып кетээрин жарыялаган болчу. Анын күчтөрү көп жылдар бою Кабулдун аэропортунда коопсуздукту камсыз кылып келишкен.