7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош ШИИБ офицерлеринин жубайы «Офицердин жубайы» медалы менен сыйланды

2564
Бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов өздүк курамдын алдында башкармалыкта көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенишип келе жатышкан 3 офицердин жубайларына Ички иштер министрлигинин «Офицердин жубайы» медалын тапшырды.
Бул ирет медалдын ээси  Асел Икрамова, Майрам Жолдошова, Жанара Сулайманова болду.
«Бүгүнкү сыйлык ээлерин чын дилимен куттуктаймын. Сиздердин колдооӊуздар менен биздин кесиптештер кызматына ак дилден берилип иштеп, коомдук коопсуздуктун сакчылыгында жүрүшөт. Күндүр-түндүр кызматтан колу бошобой жүргөн өмүрлүк жолдошуӊарды туура түшүнүп, колдоо көрсөтүп келе жатканыӊарга ыраазычылык билдиребиз. Дайыма бар болуӊуздар» деди Акылбек Мамасейитов.
Бүгүн, ардактуу эс алууда болсо дагы өз колдон келген жардамдарын аябастан коомдук коопсуздуктун сакталышына салым кошуп келе жатышкан ички иштер органдарынын ардагерлери Асылбек Батыров, Сүйүтбек Токтобаев, Абдукайым Мурзакаримов дагы сыйлыктарга ээ болушту.
                                Аларга ИИМдин медалдары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2565