Кореяда студенттер кулчулукка кабылып, суу кечип иштеп, мекенине келе албай жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-май Жогорку Кеңештин кезектеги олтурумунда депутат Шайлообек Атазов айтып чыкты.
«10 студент Кореяда кулчулука кабылып, мекенине келе албай жүрөт, бул боюнча алар мага кайрылышкан. Тышкы иштер министрлиги эмне үчүн ушундай учурларга маани бербей жатасыздар?»-деп суроо салды.
Жыйынга катышкан Тышкы иштер министрлигинин орун басары Азизбек Мадмаров, элчилике мындай арыз келип түшпөгөнүн айтып, эгер сизде аталган жарандардын дайын-дареги болсо бериңиз, чара көрөбүз деди.
Мындай жоопко алымсынбаган депутат, «Дарегин менден сурасаңар, анда сиздер эмне иш кыласыздар»-деп суроо менен жооп берди. Ал ошондой эле 10 жаранды Кореяга алып барып сатып, жиберген адам министрлике тиешеси бар экендигин, керек болсо фамилиясын билээрин эскертти.
«Силердин мошеннигиңер алып барып, аларды сатып жиберип, качып келе бериптир.Фамилясынан бери айтсам,терең кирип кетебиз, сураныч бул маселени көзөмөлгө алып,чечип берип коюңуздар«,- деди Атазов.