7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Молдокматова: Президент жарым сааттын ичинде жаш баткендиктин көйгөйлөрүн чечип берди

5011
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-май Баткенде чек араны коргогон жаш баатыр Адилди кабыл алды. Жарым сааттын ичинде жаш баткендик баланын баарлык көйгөйлөрүн чечүү боюнча тийиштүү кызматтарга президент тапшырма бергендигин журналист Ассоль Молдокматова өздүк баракчасына жазып чыкты.
Чек ара чырынан жабыр тарткандардын арасынан, жергиликтүү СМИлердин бирине «Чоңойгондо аскер болуп мекенимди коргойм» -деп ый аралыш  интервью берген Адилдин тасмасы интернетте көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кызуу талкууга алынган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

 Ассол Молдакматова аны борбор калаага алып келип, кийинтип, Ыссык-Көлго алып барып келгендигин байма-бай чагылдырып жаткан.
Эртең менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров менен көптөн күткөн жолугушуу болуп өттү.
«Кечээ алар Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынан телефон чалып, видео кайрылуу мамлекет башчысына жеткендигин жана алдыдагы жолугушуу жөнүндө билдиришти.
Жарым саатта келдик. Президент Садыр Нургожоевич аны жылуу тосуп алып, Адилди аталык кылып кучактап, бир катар суроолорду берди.
Ал Адилдин атасынын маселеси жакын арада КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыккандыгын айтып, жакынкы аралыкта түп-тамырынан бери чечип берүүнү убада кылып, бардык көйгөйлөрдү чечти.
Мен жаш баткендиктин «футбол интернатында окусам» деген эңсеген кыялы жөнүндө айтып бердим
Садыр Нургожоевич жардамчысына кыялды чындыкка айлантууну тапшырды. 
Адил бактылуу, кубанычтуу. Анын абалын сөз менен жеткирүү кыйын. Жарым сааттын ичинде Садыр Нургожоевич жаш баткендиктин бардык көйгөйлөрүн чечип берди. Президент Садыр Жапаров мага эң боорукер, айкөл, сезимтал президент катары таасир калтырды» -дейт Молдокматова.
 Президент  Адилге уюлдук телефон, планшет, футболдук топту белек кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5012