7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Кулжада 82 үйдүн короо жайын сел каптады. 1 жылкы, 5 уй, 70 бал челек агып кеткен

4807

 Кара-Кулжа районунда 8-май кечкисин  катуу жааган жаандын кесепетинен 1 жылкы, 5 уй, 70 бал челек сууга агып кетти. Ошондой эле жалпы 82 үйдун короо жайын, 500 мертге жакын ички, тышкы жолдорду сел каптап, электр мамычасы кулап  400 метр электр зымдары жараксыз абалга кептелген.

Бул тууралуу ӨКМдин облустук маалымат борбору кабарлайт.

Кара-Кочкор айыл аймагынын Ак-Кыя айылында 2 турак үйдүн ичине, 2 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 43 турак үйдүн короо-сарайларына жана тамаркаларына суу кирген жана 450 метр ички чарбалык унаа жолун жараксыз абалга келген.

Сары-Булак айылында “Жаңы Моңол” каналы кум шагылга толуп, суулар ашып 1 мектептин, 1 мечиттин короолоруна, 1 бала бакчанын короосуна жана жер төлөөсүнө, 30 турак үйдүн тамаркаларына, 38 турак үйдүн ичине, 34 турак үйдүн короо-сарайларына суу кирген жана 1 даана электр-мамычасы кулап, 400 метр электр зымдары жараксыз абалга келген. Мындан сырткары 1 жылкы, 5 уй жана 70 аары бал челеги селге агып кеткен.

Ошондой эле Кара-Кочкор айылындагы Атакул сел өткөрүүчү каналынын жалпы 700 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын он тарабынын 15 метр аралыгын сел бузуп кеткен.

Нура сел өткөрүүчү каналынын жалпы 1000 метр аралыгы кум, шагыл, таштарга толуп, каналдын он тарабынан 25 метр аралыгы жана сол тарабынан 5 жерден жалпы 100 метр аралыгын, сел бузуп жараксыз абалга келтирип, 2 турак-үйдүн ичин, 7 турак үйдүн короо-сарайларын, 2 чакырым ички чарбалык жолду жана 5га үлүш жерди каптаган.

Учурда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу тазаланып ачылган. Бүгүн, 10-май тазалоо иштери уланып жатат. Тазалоо иш-чараларына  ӨКМнин Кара-Кулжа райондук ӨКБдан 22 куткаруучу, а/а 1 жүктөгүч, 13 кызматкер, №26 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 2 самосвал, 10 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч, 2 экскаватор, 1 самосвал, 4 кызматкер, РЭТтен 1 бригада, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4808