Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2021-жылдын 10-майына карата 9 миллиард 295 миллион куб метрди түздү. Бул көрсөткүч суунун көлөмү мурдагыга салыштырмалуу өсүп жатканын көрсөтөт.
Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Суунун агып кириши секундасына 1336 куб метр, агымы 255 куб метрди түзүүдө. Бирок, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки жарым миллиардга аз.
2020-жылдын 10-майына карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 11 миллиард 947 миллион куб метрди түзгөн.