7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Армениянын премьери Никол Пашинян менен сүйлөштү

565

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда, армян тараптын демилгеси менен Армения Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

Тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, ошондой эле регионалдык жана ЖККУ менен ЕАЭБдин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Никол Пашинян Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган активдүү кызматташууну улантууга максаттуу багыт алышканын ырасташты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566