7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Бишкектен 5000 долларга чейин көрүстөн саткан системалуу коррупцияны аныктады

1344

УКМК тарабынан системалык коррупциялык иштерге бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык Мэриясынын «Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы» мамлекеттик ишканасындагы («БМАУ» МИ) туруктуу коррупциялык схема аныкталганын кабарлайт.

Маалыматка ылайык, «БМАУ» МИ жеке кызматкерлери маркумду көмүү иш-чараларында аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1000дан 5000 АКШ долларына чейин акча каражаттарын сый акы катары алып жүрүшкөн.

2021-жылдын 18-майында КР УКМК сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен «БМАУ» МИ кызматкери кармалды. Кармалган «А.А.» КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда ишкананын мыйзамсыз иштерге катышкан кызматкерлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, бекер жер тилкелеринин жоктугунан, 2021-жылдын 1-январынан тартып Түштүк-Батыш көрүстөнү жабылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1345