7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Алтынга санкция киргизип, сата албай калышыңар мүмкүн деп жатышат…

1086

Кумтөрдө 100% кыргыздар иштешет, алар мындан кийин дагы өз алдынча алтын чыгара алышат. Бул тууралуу Акылбек Жапаров бүгүн, 20-майда берген маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдө дагы 500 тонна алтындын запасы бар. Орточо эсеп менен эсептегенде 12 млрд. доллар киреше алып келет.

«Кумтөрдөн 410 тонна алтын чыгып кетти, бирок мындан ары 500 тонна алтыныбызды кыргыз элинин өнүгүп-өсүүсү үчүн таштап кетели. Дагы бир 5-10 жылдын ичинде коңшуларыбыздан алган 20 жылдык кредиттерибиздин баарын төлөп бүтсөк, андан кийин көп карыз албай Кумтөр өзүбүздүн экономикабыздын паравозу болуп жөндөп кетебиз.  410 тонна алтындын баасы 11, 4 млр долларга сатылды, эгер ушул баа тура бере турган болсо дагы 12 млрд доллар кыргыз экономикасына түшөт. Алтын кендеги иш эки этаптан турат:

Биринчи этап: Алтынды казып алуу жана заводдон алып чыгуу. Бул этаптарынын баарын тең изилдеп чыктык, иштете аларыбызга көзүбүз жетти, ал жерде 100 % кыргыз жарандары иштеп жатышат. Квалификациясы ж.б. баары жооп берет. Компьютерди өчүрүп койгон учурда да иштетип кете алабыз.

Экинчи этап: Алтынды сатуу. Ушул боюнча «санкция киргизиши мүмкүн, сата албай калышыңар мүмкүн», — деп жаышат. Бирок бизде бул боюнча коркунучтар жок, биз механизмин иштеп чыктык», — дейт комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1087