7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Кумтөрдү улутташтыруудан качып жаткандыгынын себебин айтты

725

Кумтөрдү улутташтыруу маселеси Эгемендүүлүктүн 30-жылдыгына карата анык чечилет. Бул тууралуу Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Ал ушул учурга чейин, улутташтаруу темасын көтөрүп жаткандарга жооп бербей келгендигинин себебин да ачыктады.

«Жер, андагы кен байлык бүт кыргыз элиники. Биз аларга убактылуу 50-жылга, иштетүүгө бергенбиз. Жер, кен Кыргызстандыкы болгондон кийин, иштетүү укугун алып койгондон кийин даагы эмнени улутташтырабыз? Бирок, 5,6 варианттын ичинде бул вариантты да карап жатабыз. Кумтөрду улутташтыруу боюнча убагында Ата-Мекен фракциясы адистер менен иштеп, баардык документтерди топтогон экен. Ал Жогорку Кеңеште да талкууланган. Азыр юристтер менен аларды кайра карап, изилдеп жатабыз«-дейт Жапаров.

Ал эми, Кумтөргө убактылуу жетекчи болуп дайындалган Теңгиз Бөлтүрүк, азыр улутташтыруудан да жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экендигин айтты.

«Биздин юристтер азырынча улутташтыруу маселесин көтөрбөй турууну сунуштап жатышат. Себеби, азыр биз дагы Эл аралык арбитраждык сотко кайрылып утуп алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Андыктан, улутташтыруу маселесин эң акыркы вариант катары өзүбүздө сактай турсак болот«-деди.

Эске салсак, Центерра Голд компаниясында Кыргызстандын 26 % акциясы бар. Демек, бул- бир эле Кумтөр ишканасы эмес, Центерра алтын казган башка кендерде да Кыргызстандын үлүшү бар дегендик.

Кыргыз өкмөтү, Кумтөргө экологиялык бузуулар үчүн 3 млрд 86 млн доллар, салык маселелери боюнча  1 млрд 166 млн доллар доо коюуда.

Компания буга чейин бюджетин 4,5 млрд  деп келсе, учурда расмий сайтында 2 мрдл 400 млн доллар деп көрсөтүлгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

726