Бир жарым-эки жылдын ичинде Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүндөгү таштандыларды сактоо токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештеги маалымат жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.
Жыйында журналисттин «Ушул убакка чейин карьерди иштетүүдөн чыккан жаңы таштандылар кайда ташталат?», — деген суроосуна, бул оор тема экендигин айтып: «Биз 20 жылдан бери топтолуп келе жаткан көйгөйдү бир жылдын ичинде чече албайбыз. Таштандылар эбегейсиз чоң көлөмдө. Ал тургай таштандылар мөңгүлөрдүн астына кирип кеткен. Биз буга карата батыштан эксперттерди чакырабыз. Башында таштандыларды өрөөнгө экспорттоо каралган. Мунун чыгымы көбүрөөк болот, бирок процессти тездетүү жана чыгымдарды азайтуу үчүн конвейерлерди колдонсо болот, ошондо машиналар менен чыгарылбайт. Долбоорду ишке ашырганга чейин мөңгүлөрдүн этегинде, тилкелерде жаңы таштандылар топтолушу мүмкүн. Азыр айтуу кыйын, мен таштанды төгүү боюнча адис эмесмин. Бирок, бул мурдагыга караганда жакшыраак. Тутумду өзгөртөбүз. Өткөөл мезгил алты ай же бир жылга чейин созулат», — дейт Теңгиз Бөлтүрүк.