7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта 17 жаштагы өспүрүм катуу сабалды

926

Сузакта 17 жаштагы өспүрүм катуу сабалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 21-майынан 22-майга караган түнү болжол менен саат 03:45 чамасында Сузак районунун 2004-ж.т. Н.А. аттуу тургуну эч учун жоготкон абалда Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасына келип түшкөн.

Аталган маалымат Сузак РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ооруканада жаткан баланын атасы арыз менен кайрылып, анда уулун уруп, ден соолугуна залал келтирген атуулдарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Окуяга катыштыгы бар делген балдардын биринин көрсөтмөсүндө 2021-жылдын 21-майынан 22-майга караган түнү саат 01:15 чамасында Сузак районунун аймагында 4 бала Н.А.ны уруп, денесине залал келтиришкендигин билдирген.

Эскерте кетсек, окуяга катышты бар делген 4 баланын өздүктөрү аныкталып, 2021-жылдын 22-май күнү КРнын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде УКЖга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы 23-майда Сузак райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

927