Ноокат районунда 21-майда “Деу-Ласетти” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткан 21 жаштагы жарандын сөөгү унаасынын багажынан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-май күнү Ноокат районунун Алашан айылынын тургуну, 1983-ж.т. С. И., Ноокат РИИБне иниси 2000-ж.т. Б у А. 2021-жылдын 21-май күнү “Деу-Ласетти” үлгүсүндөгү автоунаасын үйүнөн айдап чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган.Аталган арыз Ноокат РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 23-май күнү дайынсыз жоголгон Б у А.нын “Деу-Ласетти” автоунаасы Ноокат районунун Көк-Жар айылында жайгашкан «Ака-Үка» чайканасынын короосунда токтоп турган жеринен табылган. Аталган автоунаага Ноокат РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын арткы багажынан дайынсыз жоголгон Б у А.нын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге сырттан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү белгилүү болгон. Б у А.нын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө иштеринин негизинде тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө иштеринин алкында Б у А. аттуу жарандын өлүмүнө шектелип Көк-Жар айылынын тургундары, 20 жаштагы Т.Ж. жана 17 жаштагы Т.А. кармалды.
Эскерте кетсек,тергөө иштерин Ноокат РИИБи тарабынан жүргүзүлүп жатат.