Бишкек башкы архитектура муниципалдык ишканасы борбордун башкы мунарасы — Бишкек-Тауэрдин эскизин түздү. Бул тууралуу жергиликтүү басма сөз билдирди.
Маалыматка ылайык, мунара шаардын түштүк бөлүгүндө жайгашышы мүмкүн, себеби үстүндө туруп калаага байкоо жүргүзсө болот. Имарат үч түркүктөн туруп, ортосуна айнек пирамида жайгашат. Үстүнө купол орнотулуп, ал алтын түстүү түндүк менен жабылып, үстүнө шиш найза бекитилет. Мунаранын бийиктиги 65 метр болот. Имараттын негизги түсү ак болуп, кээ бир элементтерине алтын жана күмүш түстөр берилмекчи
«Мунаранын негизги максаты — Астана шаарынын «Байтерек», Ирандын борбору Тегерандагы «Азади», Париждеги Эйфель жана дүйнөнүн башка шаарларындагы белгилүү мунаралар сыяктуу Кыргызстандын борборунун көрүнүктүү символу боло турчу объект куруу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.
Мунаранын образы «Манас» эпосундагы Айкөл Манас баатырды сүрөттөгөн саптардан түзүлгөнү белгиленди. Манастын образынан сырткары, мунарада кыргызга тиешелүү сакралдуу образдар, ыйык белгилер, символдор камтылган. Ошондой эле архитектура тили менен чакырыктар жана ураандар берилет.
Эскерте кетсек, мекеме азыр көп каражат талап кылган ири имарат кура турчу мезгил эмес экенин, бирок келечекте ишке ашышы мүмкүн деген үмүт менен эскиз иштелип чыкканын белгиледи.