Америкалык ири электрондук соода платформасы өз аянтчасында катталууга кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө мүмкүндүк берди. Бул тууралуу жаңы тизме компаниянын сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, катталуу үчүн ишкер паспорт көчүрмөсүн, кредиттик картасын, банктагы эсебин, телефон номерин жана төлөгөн салыктары боюнча маалыматтарды көрсөтүшү керек. Каттоо ийгиликтүү аяктаган соң баракчасы активдештирилип, европалык соода аянтчаларына жол ачылат.
Эске салсак, бир нече жылдан бери борбор азиялык ишкерлер Amazon платформасына каттала албай келген. Компания бул чектөөнү алып салды.