Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында атайын Коомдук кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.
Маалыматка ылайык, ага театр, кино, кесиптик билим берүү, музей, китепкана, адабият, искусство, сүрөт, кол өнөрчүлүк, маданий мурас, музыка, маалымат, спорт, жаштар иштери боюнча тажрыйбалуу адистер кирди.
«Спорт жана жаштар — улуттун жүзү, аталган тармактардын бардык күнгөй-тескейин, маселелерин жети өлчөп, бир кесүү максатында түзүлүп жаткан кеңеш келечекте өз жемишин берет деп ишенем. Ошондой эле маалыматтык саясат мамлекет үчүн канчалык зор мааниге ээ экендигин билебиз», — деди министр жыйында.
Максаты — тармактын аксап жаткан багыттарынын маселелерин алдын алуу жана аларга карата комплекстүү чара көрүүдө министрликтин иштерин биргеликте иш жүзүнө ашыруу. Мындан ары уюм белгилүү учурда атайын отурумга чогулуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алып туруу принциби менен иш алып барат.
Эскерте кетсек, Министрликке маданият, маалымат, спорт жана жаштар иши боюнча мамлекеттик саясатты алып баруу вазыйпасы жүктөлгөн.