7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек троллейбус башкармалыгы кызматкерлерине бирдиктүү форма берилди

860
«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын техникалык кызматкерлери жаңы комбинезон алышты.
Техникалык кызматкерлердин коопсуз иштеши үчүн 160 комплект коргоочу кийимдер, бут кийимдер жана чагылдыруучу коопсуздук жилеттери буюртма менен алынган.
Биринчиден, бирдиктүү форма электр тармагынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылган энергетиктерине жана кабелдик операторлоруна берилди. Ошондой эле №1, 2-автобазанын техникалык кызматкерлери: слесарлар, инженерлер, электриктер жана механиктер атайын кийим менен камсыз болушту.
Кийимдерди тигүүдө, жогорку бышыктыкка, жогорку температурадан, эриген металлдын учкундарынан жана электрдик жаа таасиринен сактоонун касиеттерине ээ болгон атайын кездеме колдонулган.
Белгилей кетсек, башкармалыкта 10 цех бар, анда 30 техникалык адис иштейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

861