7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда COVID-19га карата чектөөлөр алынып, кафе-ресторандар ачылды

601

Бүгүн, 1-июлдан баштап Түркияда коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынды.

Маалыматка ылайык, буга чейин 22:00дөн таңкы саат 05.00гө чейин жана жекшемби күндөрү өлкө боюнча коменданттык саат эрежеси алынып, кафе-ресторандар, тойканалар жана кинотеатрлар толук ишке киришти.

Ошол эле учурда өлкөдө беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилди.

«Расмий Анкара болсо өлкөгө келе турган туристтерге төрт шарттын бири аткарылышы керек экенин эскертет. 14 күн мурун коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнү, алты ай мурун вирусту жугузуп айыкканы тууралуу маалымкат, 72 саат мурда чыгарылган жана вирус жок деген ПЧР-тестинин жыйынтыгы же акыркы 48 саатка ылайыктуу антиген тестинин терс натыйжасы болушу керек. Мындан тышкары, түрк бийлиги өлкөгө кирген айрым туристтерден аэропортто кайрадан тест алышы мүмкүн экенин эскертет»,-деп берилет маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркияда 1-июлга карата 15 миллиондон ашык жаран вакцинанын экинчи дозасын алган. Статистика боюнча Түркияда вирусту жугузуп алгандар жаз айларына караганда эселеп төмөндөдү.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

602