«Centerra» компаниясынын директору Скотт Перри «Кумтөр» ишканасынын кызматкерлерине ачык кат жолдоп, кызматташабыз деген ишиними бар экендигин билдирди. Ачык кат компаниянын расмий сайтына жарыяланган.
«Бирге иштеген жылдар аралыгында биз көпчүлүк мүмкүн эмес деп эсептеген нерселерди жасадык. Биз Кыргыз Республикасында мыкты алтын казуучу компанияны түзүп, Кыргызстандын жарандары үчүн көптөгөн жумуш орундарын камсыз кылдык. Мен биргеликте жетишкен ийгиликтерибизге сыймыктанам жана сиздер үчүн дагы сыймыктуу болду деп үмүттөнөм », — деди Скотт Перри.
Ошондой эле, бийлик ушактарга таянып, кенди тартып алган бир жарым ай аралыгында, компанияда иштеген жамааттын жетишкен ийгиликтери упурады деп жазган. Скотт Перри Кыргыз өкмөтүнүн экология боюнча арызы, Теңгиз Бөлтүрүктүн 1,7 миллиардды блоктоп койду деген маалыматын да четке кагат.
Соңунда, жамаат менен ымалага келишип, кайрадан ынтымактуу иштеп кетүү ниети бар экендигин жазган.