Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду. Бул тууралуу 7-каналдын аймактык кабарчысы барып жеринен таанышты.
Маалыматка ылайык, Азия Өнүктүрүү Банкынын «Суу ресурстарын жаратылыштын өзгөрүшүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу» долбоорунун алкагында алынган оор инженердик техникалар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылды.
28 эксковатор, 8 жүктөгүч, 7 буьдозер, 2 автогрейдер, 8 кран манипулятор, 4 автокран, 10 самосвал, 2 көчмө авто оңдоочу жай, 4 күйүүчү май ташуучу унаа, 40 тонна жүк көтөрүмдүүлүккө жарамдуу 8 жүк ташуучу трал менен трактор, 2 жүргунчү ташуучу кичи автобус жана 2 жүргүнчү ташуучу жеңил унаа алынып келинди.
Белгилей кетсек, бул техникалар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн иштелип чыккан. Тендердин негизинде Кытайдан алынып келинди. Жакынкы күндөрү Түштүк жана Түндүк аймактарга жеткирилет.