7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлоого 3 күн калды, COVID-19 менен ооруп жаткандар кантип добуш берет?

565

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларына кайра дайындалган шайлоого 3 күн калды. 11-июль жекшемби күнү шайлоо, үгүт иштери бир күн алдын тототулат. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 8-июлда берген маалыматына ылайык 3 шаардагы шайлоого жалпысынан 617 миң 517 шайлоочу катталган.

  • Бишкек шаарында — 426 699 шайлоочу бар.
  1. Ленин району — 125 986,
  2. Октябрь району — 107 615,
  3. Свердлов району — 99- 907,
  4. Биринчи-Май району — 93 191.
  • Ош шаарында — 152 718 шайлоочу,
  • Токмок шаарында — 38 100 шайлоочу катталган.

Бишкек шаардык кеңешине 18 партия, Ош шаардык кеңешине 9, Токмокто 6 партия ат салышууда.

Эске алчуу жагдай, айрыкча Бишкек, Ош шаарларында пандемиялык абал курчуп барат. Ар күнү миңден ашык жарандан жаңы учур катталып, 10догон бейтап көз жумууда. Акыркы бир сутка ичинде 4 миң 525 бейтап стационарда,  12 506 жаран амбулатордук негизде  даарыланып жаткандыгы айтылат. Мындан улам, «Изоляциядагы жаткан шайлоочулардын добушу кандай жол менен алынат?» деген суроо жаралат.

БШКнын маалымат кызматы, бизге коронавирус менен ооруп жаткан шайлоочулардын добушун алууга атайын шарттар каралбагандыгын айтты.

«Изоляциядагы бейтаптарга жакын барууга дарыгерден башка эч кимдин акысы жок, бизге да уруксат берилген эмес. Ошондой эле үйдө даарыланып жаткандарга да атайын урна уюштурулган жок. Алар добуш бере албайт» -деп билдирди.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

566