7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Онкологиялык оорусу барлар вакцина алса болобу?

445

Онкологиялык оорусу барлар вакцина алса болобу? Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун клиникалык иш боюнча жетекчисинин орун басары Сүйүтбек Дөөлөтбеков брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, онкологиялык оорусу бар бейтаптарды коронавируска каршы эмдөө боюнча илимий изилдөөлөр аз, бирок коронавирус оор формада өтүп, өлүм учурлары катталып жаткандыктан, рак менен жабыркаган кишиге вакцина саюу зарыл.

«Рактан бир нече жыл мурда дарыланган жана азыркы убакытта ремиссияда болгон онкологиялык бейтаптар жеке дарыгери менен кеңешиш керек. Башкача айтканда, дарыгери уруксат берсе вакцина саюу зарыл», — деди Дөөлөтбеков.

Ал эми азыркы тапта шишикке каршы дарыланып жаткандардын иммунитети алсыз болушу мүмкүн. Адис белгилегендей, булар коронавирус жуктуруп алса, тумоо оор формада өтүшү ыктымал. Ошол эле маалда эмдөө натыйжалуу да болбой калышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, 2020-жылы ракка кабылган 5377 бейтап каттоого алынган. Былтыр онкологиялык оору менен алышып 3 539 адам көз жумган. Азыркы тапта рак оорусу менен жабыркаган 28 586 киши каттоодо турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

446