Канадынан «Centerra Gold Inc» компаниясы эл аралык арбитраждык сотко дагы бир жолу кайрылып, иск арызын калтырды. Бул ирет «Кыргызалтын» ЖЧКсын жана Кыргыз Өкмөтүн «Мыйзамсыз сырттан башкаруу киргизүү менен компанияны чоң чыгымга учуратты», — деп айыптоодо.
Бул тууралуу компаниянын сайтында жарыяланды.
«Кыргызалтын» Өкмөт менен тил табышып, убактылуу тышкы башкаруунун атын жамынып, кенди көзөмөлгө алууну чечти жана министрлер кабинетинин көрсөтмөсү боюнча иш алып барууну улантууда«, — деп жазылат билдирүүдө.
Деген менен «Кыргызалтындан» 100% акциясы Өкмөткө тиешелүү экендиги эч кимге сыр эмес.
Эске салсак, «Centerra Gold Inc.» компаниясы буга чейин, 16-майда да эл аралык сотко арыз менен кайрылган болчу.