Өлкөдө 9-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 319 адамдан чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары билдирди.
Жуктургандар:
- Бишкек шаарында – 715,
 - Ош шаарында – 25,
 - Чүй облусунда – 225,
 - Ош облусунда – 87,
 - Талас облусунда – 15,
 - Нарын облусунда – 5,
 - Ысык-Көл облусунда – 44,
 - Жалал-Абад облусунда – 109,
 - Баткен облусунда – 84.
 
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 614 бейтап, амбулатордук түрдө 12 874 адам дарыланууда.
Айыккандар:
- Бишкек шаарында – 422,
 - Ош шаарында – 41,
 - Чүй облусунда – 121,
 - Ош облусунда – 85,
 - Талас облусунда – 8,
 - Нарын облусунда – 6,
 - Ысык-Көл облусунда – 30,
 - Жалал-Абад облусунда – 94
 - Баткен облусунда – 38.
 
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7 жана Чүй облусунда 3 бейтап каза болгон.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 761 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 76 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 137 миң 58 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 116 миң 358 киши айыгып чыкса, 2 миң 83 адам каза болду.



