7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

СOVID-19: Бүгүн ооруканаларда 306 бош орун бар

679

Бүгүн, 10-июлда Бишкектеги жана шаар четиндеги 15 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 306 орун бош. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирусту дарылоо үчүн 19 оорукана даярдалып, анын 15инде бош орун бар.

  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 22;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 3;
  • Улуттук кардиология жана гематология борбору — 6;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 10;
  • Улуттук госпиталдын Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 8;
  • Улуттук госпиталдын урология корпусу — 4;
  • Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталы — 5;
  • Улуттук наркология борбору — 8;
  • Аскердик госпиталь — 3;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 51;
  • Улуттук госпиталдын терапия бөлүмү — 8;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи —58;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 11;
  • Фтизиатрия борбору, КММАнын №6 жатаканасы — 99;

Белгилей кетсек, өткөн суткада 1295 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

680