7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку соттун төрайымы №1019 шайлоо тилкесинде добуш берди

607

Бүгүн, 2021-жылдын 11-июлунда, Жогорку соттун төрайымы Нургүл  Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинде орун  алган № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү максатында  бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарына кайра шайлоо өтүүдө.

2021-жылы 11-апрелде 28 шаардык кеңешке өткөн шайлоодо үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган. Бүгүн, 11-июлда өтүүчү шайлоодо Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608