7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сыртбай Мусаев: Ак үйдөгүлөр башы жетпегени үчүн, орусча даяр текстти көчүрүп колдонот

3002

Ак үйдөгүлөрдөн баштап, мамлекеттик жооптуу кызматта иштегендер жалкоолуктун айынан иш кагаздарын орус тилинде жүргүзөт дейт Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев.

«Иш кагаздарын мамлекеттик тилде  жүргүзүү үчүн башты иштетиш керек. Ал үчүн грамматика, тыныш белгилерин, сөз айкаштарын жакшы билиш керек, башты иштетиш керек. А эмне үчүн расмий тилде жазып жатат деп ойлойсыңар? Анткени орус тилинде даяр текст бар. Алар жазбайт, даяр тектти көчүрүп коюшат, жазбайт. Мен муну толук жоопкерчиликти алуу менен айта алам. Анткени көрүп жүрөм«, — дейт Мусаев.

Өткөн жума, Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сырбай Мусаевди кабыл алып, мамлекеттик иш кагаздарынын кыргыз тилинде жазылуусун талап кылууну күчөтүүнү тапшырган.

Президенттин алдындагы улуттук мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сырбай Мусаев, иш кагаздарын текшерүү үчүн комиссиянын ыйгарым укуктары жетизсиз болуп жатканын, ал үчүн мамлекеттик тилдин статусу Конституция менен бекитилиши керектигин айтат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3003