7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлгө эс алууга кеткен жаран, Түптөгү токойдо асылып каза болгон

4443

7-июлда Бишкек шаарынан Чолпон-Атага эс алууга кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан 31 жаштагы Н.К.нын (эркек киши)  жансыз денеси табылды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматы тастыктады.

Буга чейин туугандары тарабынан изделип  жаткан Н.К. аттуу жарандын жансыз денеси, 19-июль Түп районундагы талаа жактыгы чычырканактын арасынан асылып турган жеринен табылды. Өз өмүрүнө кол салганы же киши колдуу болгону азырынча белгисиз. Кечээ маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Михайловка айылында жерге берилди.

«Жансыз дене болжол менен жарым айдай туруп калгандыктан таанууга мүмкүн болгон эмес. Милиция кызматкерлери маркумдун сөөгүн жана баштыгындагы уюлдук телефонун туугандарына өткөрүп беришкен. Денени алгачкы кароодо ур-токмоктун белгилери аныкталган жок», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4444